кунан
- Эки-үч жаштагы эркек жылкы.
- Жалпы эле ири малдын ушул жаштагысын билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билегинен күч кетти, / Өпкөнүн кара тамырдан, / Кунан уйдун белиндей, / Өкүрөңдөп кан кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көк бөрү тартып, кунан чаап, / Курбудан кулжа уулашат, / Каз-өрдөккө тынч бербей, / Шумкарын салып куулдашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кунан уйдай жаткан ок, / Копуруктап салды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →