кун

китептерде 124 жолу, 9 китепте
  1. Өлтүрүлгөн адам үчүн төлөнүүчү, берилүүчү чыгым, каражат.
  2. өт. Бир нерсенин (буюм, мүлктөн тартып малга чейин) баасы, наркы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катышпаймын элиңе, / Карабаймын жериңе, / Сенин кунуң кубам, деп, / Барып калса жериме, / Жамандыкка жамандык, / Айабаймын дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Катышмак үчүн биз ага, / Айдап жылкы алганбыз, / Карманапты сойбосом, / Канын ичип тойбосом, / Басарга жолум кеңитип, / Көңтөй менен Шооруктун, / — Ал экөөнүн кунун кууп, / Жаш Манасты сойлотом, / Менин бекер жатышым, / Айландырып ойлосом, / Аз күндөн берки кабарда, / Нарынды таштап талаага, / Ажал жактан шекинип, / Алооок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атамдын кунун кууп албай, / Кантип Сарытбай мен калам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бар шайманы күмүштөн, / Кун чагылып жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →