кумурска
- Абдан көп болуп, топ-тобу менен жашоочу майда жандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үн бата, / Элдин алды жөп жата, / Көкбөрүнүн көп кошуун, / Кылган кеңеш кеп менен, / Бүтүшүп койгон иш менен, / Селдей толкуп түрүлүп, / Каракурттай кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Сепсергелеп асмандан, / Жааган күндөй жыбырап, / Таласты кайда дегенсип, / Эми эле барып Таласты, / Талап алыш дем менен, / Үйөр аккан сел менен, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ге билгизип, / Иле менен Алмамбет, / Пайдасын элге тийгизип, / Кыркуудан чыга калыптыр, / Кажы-кужу кыжылдап, / Кара курттай быжылдап, / Жердин бети чымырап, / Кумурскадай кыбырап, / Сандаган черүү аскерге, / Жер бети толуп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эл кумурскадай аралашып, чуркурап, ата-баладан адашып, ар бир уруу журт өзүнчө белги кылып, желегин асманга көтөрүп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →