кумура

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Борсогой карапа идиш. Көбүнчө шарап, суу сактайт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анда туруп Каргалдай: / — Айланайын акебай, / Сизден кары атам бар, / Кумган менен кумура, / Суу куйуучу жана бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →