кумсар

китептерде 103 жолу, 8 китепте
  1. Ачуусу келип кубаруу, бирөөгө жини келүү, кыжырлануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Теңсинбесе бир бала, / Курушту куйка терибиз, / Үрпөйдү төбө чачыбыз, / Ачууландык баарыбыз, / Бир жанга кантип ал келбейт, / Чогулушсак баарыбыз, / Деген ойло кумсардык, / Байрак тиктеп туу сайдык, / Найза күүлөп төш жайдык, / Биз көпчүлүк, ал жалгыз, / Канат керип дагдайдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Кесирлер найза өңөрүп, / Туулгасын томпойтуп, / Төбөсүнө көмөрүп, / Кемерлерин курчанып, / Кер сары тартып сумсайып, / Жутуп ийчүү немедей, / Бузулган күндөй кумсарып, / Жан алуучу найзаны, / Жана кайта колго алып, / Мингени тулпар дыркырап, / Кузгун учуп жаткандай, / Куулгулуп зыркырап, / Найзанын күүсү күркүрөп, / Учунда ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңжүндөр айтты чуулашып, / Каарданган Коңурдун, / Каны качып кумсарды: / — Балдарым болсун кубат, — дейт, / Дайарланып баардыгың, / Аскериңди чубат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир Куткарбас он болсо, / Увазири эки эмес, / Санаты накай кырк болсо, / Кумсар сыйкыр жүз болсо, / Куунайза балбан миң болсо, / Аскери жүз миң карк толсо, / Куткарбас менен Тапан хан, / Кол кармашып бир болсо, / Желмогуз канчык кошулуп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…Гүлчоро жүргөн чагында, / Урумга барып кол салып, / Өткөргөн ыдык аларга, / Көөнү ачылат Орусхан, / Гүлчоро кулду алганда, / Бура тартып Айчүрөк, / Бузулуп өңү кумсарып, / Ачуусу келип сумсайып, / Аккуу кебин колго алып, / Аптырага кол салып: / — Күдөөрүң үзбө, сен Кыйаз, / Көрбөймүн деп сен калба, / Өлбөй тирүү болгондо, / Үч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →