кумпай2
- Ынак, жакын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Такыр аттын изи жок, / Жоготуп кеткен Кызылкыз, / Кубакай кыз, кумпай кыз, / Кудай урган шумпай кыз, / Азыраак чыгат кылымда, / Сыйкырчыдан мындай кыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кудай урган кумпайгыз, / Сыйкыры артык шумпай кыз, / Айланасын аң кылды, / Кечип адам кете алгыс, / Түшүп кетсе кокустан, / Түбүнөн адам чыга алгыс, / Маңгытча сүйлөп барбактап, / Жедигерди аралап, / Желип жүрөт дардактап: / — Сыйкырым эми бузулса, / Бекбачадан жан калбайт, / Ала кач!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…аралуу аркар көздөнүп, / Жанаша сага мен бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, / Журт түгөткөн кан чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Жаныбарым кептерди, / Кумпай кууган бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өткүрү эле экөөнүн, / Оорутпас көөнүн бирөөнүн / Көркөмү эле тулпардын, / Кумпайы эле шумкардын / Бушманы эле душмандын, / Медери эле туугандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →