кумган
- Жезден же чоюндан жасалган, негизинен кол-бет жууп, даарат алуу үчүн жасалган туткасы, чоргоосу бар, кумара тибиндеги идиш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…о төндүрүп, / Асманга туман тундуруп, / Алдында нөшөр куйдуруп, / Шамал менен айдатып, / Күн жаркырап чыкканда, / Өтө катуу күн ысып, / Ооз ачылып дем кысып, / Кумгандакы чай кайнап, / Чоктой болуп күн ысып, / Кишинин баарын тер басып, / Кары-картаң кеселмен, / Кайгы басып эң шашып, / Кыбыладан кырданып, / Кызыл сур тартып сурда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ашыгып отту жак дешип, / Кумган кана?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда туруп Каргалдай: / — Айланайын акебай, / Сизден кары атам бар, / Кумган менен кумура, / Суу куйуучу жана бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Урманбет булардын сөзүн акылга салып, ойлонуп жаткан немедей «лам» деп сөз катпай, оттун жанында турган чоргосу сынык, кара кумгандан көзүн албай гана мелтиреп* отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Күндө бир убак ысык ууртабасам бүткөн боюм курушуп туруп алат,— деп Элебес күндөгү маалында, мулук кара кумганга чай кайнаттырып алып, ичип олтурган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →