кумар
- Утуп алуу кызыкчылыгы менен аябай берилип, бир нерсе (акча, мал мүлк ж.б.) сайып, чүкө, карта ж.б. менен ойной турган оюндар.
- Бир нерсени катуу эңсегендик, самагандык, ага өтө берилүүчүлүк, кызыккандык, берилип сүйгөндүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тетиги турган көп бакка, / Мен барамын алдында, / Бүгүн жалгыз барайын, / Бир түнү жатып ал жерге, / Көңүлүмдү сергитип, / Жол азабын кетирип, / Кумардан чыга канайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атбашы, Нарын барабыз, / Коргон салган Кошойдун, / Койбой элин чабабыз, / Кумардан чыгып калабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…улу Манастан, / Шоорук менен Көңтөйдүн, / — Экөөнүн кунун кубам, — дейт, / Кутурду кыргыз бул кезде, / Кылгылыкты кылам, дейт, / Кылычтан бирден өткөзүп, / Бир кумардан чыгам, — дейт, / Каратып туруп көзүнө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбагын тартып жулам, — дейт, / Каңгайга чейин барам, — дейт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйуктуруп Кулунуң, / Кууп алып жылкыңды, / Кумардан минтип чыкпасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канына анын агылган, / Кара жерди жуурултуп, / Канып кумар жаналы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →