кумайык
- Жомоктордо айтылуучу алгыр, көргөнүн куткарбас ит.
- Иттерге коюлуучу ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дап, / Шамал болуп шуулдап, / Күркүрөп күмбөз сүрдөнүп, / Кубулуп канча түрдөнүп, / Түрдүү-түрдүү угулуп, / Ашкере белги үн берип, / Капкачан сөөгү куураган, / Кумайык үнү карсылдап, / Ак шумкардын доошу, / Асмандан чыгып баркылдап, / Доолбас үнү шаңкылдап, / Элестеп көзгө көрүндү, / Кызыл желек жалпылдап, / Кара лөгү Манасты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайга келтирбей, / Кумайыктын мойнунда, / Каргыга койгон жип байлап, / Кармап турган бирөө бар, / Ар жагында тарткылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…дап жүргүн кызыл пил, / Таамай угуп айтып жүр, / Бабасы айкөл Манастын, / Ардактаган кара лөк, / Баштап жүргөн алдында, / Арстан Манас барында, / Агытып жүргөн Кумайык, / Өткөндөрдүн белгиси, / Сейитке келип ылайык, / Оңойбу Манас оорагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каралөк кайра тартканда, / Куу дөбөт келет арсылдап, / Алгыр тууган Кумайык, / Азуулары карсылдап, / Азыр Кумайык аты жоголуп, / Куу тайган деп айтылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бойу окшош, өзү окшош, / Кебетеси, кешпири, / Чыккан түгү баары окшош, / Аркар-кулжа текени, / Айдап келет топ-топ-топ, / Карышкыр келсе канчалап, / Тобу менен жоготот, / Бири барып канжалап, / Көкбөрү тобун бөлүнтөт, / Ит төрөсү кумайык, / Баатырлыгын көрүнтөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →