кум
- Катуу минералдын (көбүнчө кварцтын) эшилме, куюлма майдасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кумдай болуп быркырап, / Алдына минген Темиркөк, / Урган таштай дыркырап, / Күүсү менен бул чочко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Койнунда бутун чакырып, / Найзасы тийсе кара таш, / Кумдай болуп чачылып, / Аркасында тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →