кулуй
- Унчукпай төмөн кароо, үн катпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жөө күрөшкө ар качан, / Индыстан Түктүүкурт, / Ошол чыгат жулунуп, / Жээниң Бозой абаке, / Барбай туруп албасын, / Башын катып кулуйуп, / Түктүү куртту мен көрдүм, / Ар кандай адам корккудай, / Түрү суук тулуйуп, / Эмчеги турат салаңдап, / Эки жашар баладай, / Кар жиликтин булчуңу, / Кысыр эмд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жасоол башы муну угуп, / Эр Семетей үстүнө, / Басып кирди жолугуп, / Кирип турду какайып, / Кеп кылалбай кулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / “Кайдан келип ушул кыз, / Калды мага жолугуп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туруп берсек кулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сомбилек кеби бүткөнчө, / Төтөгө турду чулуйуп, / Тил-оозу жок немедей, / Зообон сүрбөй кулуйуп: / — Акылына көк жалдын, / Көндүңөрбү, көпчүлүк?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →