култуңда

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Кубанган көрүнүштө култуң-култуң этүү.
  2. Куулануу, амалдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Алдын тосуп сурады, / Куучудай болуп кубулуп, / Кулжуңдаган Көкбөрү, / Сакалы жок ээгинде, / Мулжуңдаган Көкбөрү, / Мойну бүкүр дүм далы, / Култуңдаган Көкбөрү, / Өзүнүн кебин эп көргөн, / Чултуңдаган Көкбөрү: / — Карбалас бара жатканда, / Капташып кара талаада, / Жолумду тосуп кеп сурап, / Жолтоологон ким эле… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элди карап жыбыңдап, / Жерди карап мултуңдап, / Тескери басып култуңдап, / Тескери тонун кумтунуп, / Өлө албай Жакып бул турат: / “Улуусу Манас уулумдун, / Улуусунан беш бетер, / Кууратмак болду бул уулум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сурандыктын Алмамбет, / Соо койчунун бири эмес” / Ичинде түлкү муну деп, / Бура тартып мултуңдап, / Кумга түштү култуңдап, / Кууп келет Алмамбет, / Артынан топо буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суу уйлары бултулдап, / Суу иттери мултулдап, / Кел арс менен батмачык, / Кырс-кырс этип култуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп жалт койуп, Куткарбас, / Жүрүп кетти култуңдап, / Кар жиликтин булчуң эт, / Тай торпоктой салаңдап, / Кетип барат бултулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →