култулда
- Тынч турбай, ары-бери култ-култ этүү, тез-тез кыймылдоо, козголуу.
- Куулануу, купшуң-купшуң этүү, амалдануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келарс келет кырсылдап, / Суу иттери мултулдап, / Суу уйлары култулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бөлүнүп калды Медеркан, / Урушкандай бултулдап, / Эти семиз булкулдап, / Өзү жакыр култулдап, / Сакалы кыска мултулдап, / Элди баштап кулжуңдап, / Жолго түштү купулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Эрлигин мунун көрсөм” – деп, / Жамгырчы турат мултулдап, / Тонуна батып токтобой, / Алп Жамгырчы култулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шум канчыкка суктанып, / Оолугуп сүйлөп Куткарбас, / Оозунан көбүк буртулдап, / Көрүп туруп шуркуйа, / Токтоно албай култулдап, / Сейитини жеңер, деп, / Жеңилип калса Сейиттен / Амалым менин кетер, деп / Кош эмесе, деп койуп, / Жүрүп кетти шуртулдап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бүгүн Тайтору байге алганда, / Жылдыз курттай жылтылдап, / Эми жетип келипсиң, / Соога сурап култулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →