кулпу
- Эшик, дарбаза, сандык, чемодан ж.б. нерселерди бекитүү үчүн колдонулуучу түрдүү формадагы кичине металл буюм.
- өт. Бекилип, белгисиз болуп жаткан сыр, чечиле элек түйүн деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Боз улан күлүп шалкылдап, / Белинде кемер жаркылдап, / Башында кийген суусар бөрк, / Көз тайгылтып кулпурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деди, / Тапшырсын минер тактаны, / Кирдетип Сатай койгондур, / Кулпунта албай бакчаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каалганын килитке, / Ай балта менен какканы, / Ат башындай кулпусу, / Талкаланып жок калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сейиттен көргөн кордугум, / Ойлонгондо мен шордуу, / Тапан хандын зордугун, / Уктабай таңды атырып, / Кулпуга күндү батырып, / Тапан хан алса кантем дейм, / Шорумдун менин катырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →