кулжуй
- Тоң, ийкемсиз болуп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куткарбас менен Тапан хан, / Үн чыгарбай кулжуйуп, / Нөөмөт мага тийди, деп / Куунайза чыкты жулунуп, / Шашкалактап жөнөдү, / Башын кесип келем, деп / Сейитимге жолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →