кулжа
- Аркардын эркеги.
- Элдик календарь боюнча июнь айы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулжасы жатса төрүндө, / Куланы жатса чөлүндө, / Өрдөгү жатса көлүндө, / Оролуп айбан баспаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…алга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жер жарымын жездедим, / Энемдин сөөгүн издедим, / Келе жатсам бир жерде, / Ак кулжадай маңкайып, / Ак кочкордой даңкайып, / Кутбаны туура баштанып, / Кыбыланы бетке алып, / Жаткан экен энекем, - / Баа жеткис менин берекем, / Энемдин сөөгүн көргөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арка алган, кулжа алган, / Эчки алган, теке алган, / Элик, куран, жээрендин, / Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аттангын, баатыр, Гүлчоро, / Киши алалы жумушкер, / Жайлоого барып, жер чалып, / Тоолордон кулжа, теке атып, / Тамаша кылып келели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →