кулдук2
- Кул болуу, кулдануу абалына таандык, кулчулук, кул болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Ооган, испан,коросон, / Катарың менен алдырдың, / Кектеп Манас калбады, / Калмакка неге бардың, деп, / Ат изин сага салбады, / Бүгүн келдиң дүбүрөп, / Калмакка кулдук кылгалы, / Атамдын жолун жолдоймун, / Аркасын алыс ойлоймун, / Кетемин десең, Дабытай, / Торгобоймун, тоспоймун, / Жөн койомун жолуңду, / Бош койомун колуңду, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кетпеймин деген немесин, / Айылын башка кондуруп, / Саанын берип тундуруп, / Кулдуктан башы кутулуп, / Ойноп калды туйтунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алты ай күнүн жан көрбөй, / Акка кулдук кылам — деп, / Атикепте өткөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушул жерден узасак эле көлгө кетип, кулдуктан кутулуп жыргай турган кишиче өз көзүм менен көрүп келгендей кылып, Ысык-Көлдү, Ысык-Көлгө барган элдин «жыргап» жатканын жел тийгизбей мактай бердим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →