кулдук1

китептерде 26 жолу, 8 китепте кулдук 2 →
  1. Макул болуу, баш ийүү, айтканын аткаруу.
  2. Жүгүнүү, урмат көрсөтүү.
  3. Кудалашуу салтындагы жөрөлгөлөрдүн бири – кыз тарапка күйөө тараптын өкүлдөрү берүүчү алгачкы сыйлык – белектер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Ооган, испан,коросон, / Катарың менен алдырдың, / Кектеп Манас калбады, / Калмакка неге бардың, деп, / Ат изин сага салбады, / Бүгүн келдиң дүбүрөп, / Калмакка кулдук кылгалы, / Атамдын жолун жолдоймун, / Аркасын алыс ойлоймун, / Кетемин десең, Дабытай, / Торгобоймун, тоспоймун, / Жөн койомун жолуңду, / Бош койомун колуңду, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кетпеймин деген немесин, / Айылын башка кондуруп, / Саанын берип тундуруп, / Кулдуктан башы кутулуп, / Ойноп калды туйтунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алты ай күнүн жан көрбөй, / Акка кулдук кылам — деп, / Атикепте өткөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушул жерден узасак эле көлгө кетип, кулдуктан кутулуп жыргай турган кишиче өз көзүм менен көрүп келгендей кылып, Ысык-Көлдү, Ысык-Көлгө барган элдин «жыргап» жатканын жел тийгизбей мактай бердим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →