кулгуна

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Моюн бездери шишип, жарылып чыккан жугуштуу жара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ириңдеп кеткен кулгуна, / Агып жатат балбаарып, / Тамчылап жерге зардабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
элди дүрбөтүп, / Жарасы оор жатканды, / Зембилге салып көтөртүп, / Илегерди таптырып, / Жарага дары чаптырып, / Эбеп, себеп, медеттен, / Ылайыктап бердирип, / Кулгунасын агызды, / Канчаларын сакайтып, / Өчкөн отун тамызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ечигип каласың, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чык эшикке сасыбай, / Чымын чычып кулгуна, / Алда, далысынын сасыгы ай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →