кулачта

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Кулачын салып ченөө, өлчөө.
  2. Сууда сүзүү үчүн кулачын кере шилтеп умтулуу, алга карай жылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз жүрүп Кененим, / Баарысын жеңди жер жаздап, / Ошонун баары сулады, / Кулачтап жерди кучактап, / Токтобой акты көздөн жаш, / Мончоктой болуп бурчактап, / Алдыбызда өлүптүр, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Кыргыздан чык… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эми эле турган буластап, / Жатып калды беш баатыр, / Кара жерди кулачтап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кумай-кумай жер келсе, / Кулачтап арыш узартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →