кулач
- Эки колдун жазылышы, керилиши.
- Эки колду кергендеги, жазгандагы өлчөм, чен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аск…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тымсак менен таш бака, / Аралап өткүс чөлүңдө, / Узуну келет жүз кулач, / Сары чаар жылан көлүндө, / Бугу менен маралы, / Көлөкөлөп жатышат, / Карагай, кайың түбүндө, / Аркар-кулжа аралаш, / Эчки,теке,боз кийик, / Жайнап жатат төрүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Байагы сүрөт ой менен, / Бетин сылап көрөм, деп, / Колун сунуп Сейитек, / Саамай чачтан кармады, / Өңүм деп кетпей ойунда, / Дагы көргөн түшүм, деп, / Кулачын жайып Гүлнар кыз, / Арта салды оң колун, / Сейитектин мойнуна, / Кырк бир жолдун оозу дейт, / Сейитектин ойунда, / Анткен менен саамай чач, / Кармалуу бар колу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Менин эки колумду алтымыш кулач аркан менен артыма байласа, күчүм ошондо, ошону чече албаймын, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →