кулан1

китептерде 73 жолу, 8 китепте
  1. Жапайы жылкы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кун кубалап алам деп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктерди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көк кылайып калганда, / Ыраң чөп баш алганда, / Койо берген Кылжейрен, / Кур семирип алыптыр, / Кулан болуп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулаңды качан кууп алдым?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Маңдайыңда жалгыз көз, / Жалпак мурун, жайдак ооз, / Жазы маңдай, жайык төш, / Мойну кыска, кортек бой, / Туурасы келет он кучак, / Алтымыш бөрү, кырк илбирс, / Отуз айуу, он жолборс, / Сексен кулан, беш бөкөн, / Арбайтып ача мүйүзүн, / Төрт бугуну өңөргөн, / Кебетеси, ыраңы, / Жайкы чөптөй көгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →