кулак1

китептерде 772 жолу, 10 китепте кулак 2 →кулак 3 →
  1. Адамдардын, жаныбарлардын угуу мүчөсү.
  2. Угуу сезими, бир нерсенин дабышын сезүү, кабыл алуу мүмкүндүгү.
  3. Баштын угуу органы орношкон жериндеги кемирчектүү калканчы.
  4. Тумактын кулакчыны.
  5. Нерсенин кармоо, көтөрүү үчүн атайын жасалган бөлүкчөсү.
  6. Кылдуу музыкалык аспаптардын кылын бурап, чертилүүчү күүгө ылайыктоочу тетиги.
  7. аңч. Кара мылтыктын дары куйган жери.
  8. Кара мылтыктын от алдыруучу кулагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп бааты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Амана… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →