кул

китептерде 426 жолу, 10 китепте
  1. Кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз эркек киши.
  2. Эмгеги, тапкан мүлкү бирөөнүн менчигинде болуп, ага көз каранды болгон эрксиз адам.
  3. өт. Бирөөнүн эркин, талабын унчукпай орундай берген, анын ою менен болгон, өз алдынча, өз эркинче аракети болбогон адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ким болду белек казакка, / Айбан кул, анда билдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Ээ, Дабытай эрсиңби, / Эрегишкен нечен кул, / Эми айлаң кеткенби, / Эптүүлөнүп келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Буту менен көрсөтүп, - / Бузук кул, сени айтам, — деп, / Бетинен чыгып каары, / Бурулуп Көкчө карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →