кук2
- Кээ бир канаттуулардын (мис., кузгундун) дабышын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачуу чыкты доошу, / Асманды карап чаңырып, / Алпкаракуш баш болуп, / Айак жагы королу, / Акылынан жаңылып, / Дөңдө жалгыз өзүмө, / Таазим кылып жабылып, / Кукулуктап унчукса, / Куштан башка үнү бар, / Куйрук-башы жалтылдап, / Куудан аппак жүнү бар, / Ачуусу келип караса, / Алпкаракуш сүрү бар, / Конгону туйгун куш болду, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сол жагымда уулумдун, / Соолгус кубат муунумдун, / Күкүлү кохар таш экен, / Бек бала болсун бул уулум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Музбурчактын Аккуба, / Келген экен ойунга, / Ит агытып куш салып, / Ителгисин кукулап, / Асмандан Чүрөк көрүптүр / Кандай жүргөн киши деп, / Көңүлүн ага бөлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кишиге айтып жаткандай, / Канаттууга таарынат, / Кукулуктап жорголоп, / Эне-атасы жетишти, / Баласын көрүп жарасын, / Экөө тең учуп кетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Мен боз үйдүн жабуусун тартканда, түндүккө чыгып барып кукулуктаймын, мастен кемпир "өлүгүңдү көрөйүн, бул кандай тоок?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →