кукулда

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Кук-кук этүү, кук-кук эткен дабыш чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кекиликтей кукулдап, / Таранчыдай быжылдап, / Таркап кетип ар кайда, / Болбойлу эми жаман ат, / Дагы кебим дагы бар, / Дагы кулак салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйдү көздөй басты эми, / Кетпей калар бекен деп, / Кесел чындап тийди деп, / Кеп айтпастан жатты эми, / Акундун кызы Айчүрөк, / Асмандап учуп алды эми / Абдан шамал салды эми, / Канатын көккө каккылап, / Куйругун көккө чапкылап, / Көтөрүлгөн Айчүрөк, / Кукулдап учуп калды эми, / Куйун шамал салды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Куу инген кетсе букулдап, / Көлдөкү куулар кукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →