куй3

китептерде 713 жолу, 10 китепте куй 1 →куй 2 →
  1. Суюк же чубурма майда нерселерди агызуу, чубуртуу, идишке же бир нерсенин үстүнөн, ичине төгүп куюлтуу.
  2. Катуу жаап кирүү, төгүү.
  3. Куйма суулар өзөнгө, дарыяга, көлгө ж.б. агып келип кошулуу.
  4. Эритилген, суюлтулган же жумшак массага окшогон нерсени калыпка салып, белгилүү формага келтирүү, куюлган калыбында катырып коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козубектен кеп угуп, / Чалдын баары оолугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / С… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →