куйтуй
- Тепейип, кипкичинекей болуп көрүнүү.
- Таарынуу, тез таарына калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Куйтуйган, кичине неме көптүн ичинде көрүнбөй, тополоңдо жоголду да кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →