куйруктуу
- Куйругу бар, куйругу чоң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Канаттуудан сен жалгыз, / Какшыган чөлдө жүрүпсүң, / Кара баштан мен жалгыз, / Кайыр элде бүтүпмүн; / Куйруктуудан сен жалгыз, / Кубарган чөлдө жүрүпсүң, / Жумуру башта мен жалгыз, / Бөтөн элге бүтүпмүн, / Кубанышты билбеймин, / Күндө күчөп кирдеймин, / Уйаң менен ишим жок,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күздүн күнү болгондо, / Куйруктуу токту жедирбей, / Хан Акундун элине, / Кордукту кылды мамындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Куйруктуу жылдыз кубултуп, / Аны асманга койом ойлорсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →