куйрук

китептерде 323 жолу, 10 китепте
  1. Куймулчак сөөгүнө туташкан дене бөлүгү, кээ бир жаныбарлардын чычаң сөөгүнө туташкан, чубалжыган мүчөсү, шыйпаңы.
  2. Канаттуулардын көчүк жаккы бөлүгүндөгү топ канаттары.
  3. Койдун куймулчак сөөгүнө туташкан, семиз, майлуу келген мүчөсү.
  4. Учуучу аппараттын (мис., самолёттун, вертолёттун) учуу аракетине ылайыктап жасалган арткы бөлүгү.
  5. Жалпы эле чубалжыган, бири-бирине туташкан арткы бөлүгү.
  6. өт. Бирөөнүн артынан ээрчиген, анын пикирин жактаган, таламдаш болгон адам.
  7. өт. Бир нерсенин аягы, калдыгы, калган бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →