куймулчак
- Түп жагы бел омурткасына жана жамбаш сөөктөрүнө туташкан көчүк жаккы сөөк, куйруктуу жаныбарлардын чычаң сөөгүнүн түп жаккы бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
басайын, / Көмөрө сайып Тору аттан, / Тартып алып найзамды, / Как далыга бир койуп, / Көтөрүп алып барайын», / Ойуна алып ошентип / Ак каңкы эрдин башы деп, / Куймулчактын учу деп, / Жыгылар жери ушу деп, / Кызыл сур менен кылаңдап, / Кыйын Отор кара ниет / Качырып найза шилтеди, / Болжогон жерге муштады, / Карыш жери найзанын, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Уй куймулчак Сарала, / Макмал жүндүү мал экен, / Үстүндөгү мингени, / Падыша чени бар экен, / Өңкөй мүчө келишкен, / Эки далы кең экен, / Өнөрдүн өз кени экен, / Көрүнүп турат келбети, / Көй кашканын бири экен, / Баштан айак чыр экен, / Башкача элден тың экен, / Башташаар болсоң сен келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уй куймулчак Сарала, / Уйулгуткан бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйшаңдабай шыбырап, / Куймулчак кыпчып жатпасаң, / Кордукка башың саласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Уй куймулчак Сарала, / Уйулгуткан бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →