куймак

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Суюк камырдан ысытылган майга куюп бышырылган токоч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п карарып, / Кандуу бетке заар салып, / Жигиттер барып ат алып, / Алдыга асыл салышты, / Чай-тамагын көтөрүп, / Алып келе калышып, / Куйрук койуп, май койуп, / Куймак койуп, бал койуп, / Канык кара чай койуп, / Бар тапканын тажиктер, / Көкбөрүгө жай койуп, / Тайар болуп желдеттер, / Кызмат кылып калыптыр, / Көкбөрүгө көрүшүп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жайдын күнү болгондо, / Айран- жуурат, каймак, бал, / Күндүз- түнү жегени, / Кысыр эмди азоотай, / Сүткө бышкан коозудан, / Кыштын күнү жегени, / Кеткен кызы, куыйма жал, / Майлуу уча, карчыга, / Сары май, бал, экчеме, / Боорсок, куймак, токоч нан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Акылга дыкан болсо да, / Ар жактуу сынга толсо да, / Алпы менен дөөлөрүн, / Ажыдаардай сорсо да, / Куймактай кылып темирди, / Колу менен чойсо да, / Көптүн иши көп экен, / Ар канча чабал болсо да. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айабайбыз малды, деп / Кененимдин жалгызы / Жашында өлүп калды деп, / Сүт бото тайлак төө сойуп, / Тай мойунча уй сойуп / Табак-табак эт толуп / Челпек,куймак,боорсогу, / Дөбө дөбө топ болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байланып алып чаначын, / Токочун алып кабаттап, / Куйдуруп куймак табактап, / Каймагын алып айактап, / Мылтык алып колуна, / Жаасын салып мойнуна, / Салмоорун катып койнуна, / Каргалдай кетти аң уулап, / Үчкошойдун тоосуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →