куйкум
- Куйкаланган жүндүн, теринин же башка нерсенин коңурсуган жыты.
- өт. Какшык, кекээр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошол үчүн шашылыш, / Отко кармап канатты, / Куйкум жытты жибердим, / Угуп алып кайран куш: / — Керек болсо сиздерге, / Жан кыйыш ак биздерге, / Экини тууймун ар качан, / Бердим бирин мынаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Колунан тартып баланы, / Жыты башка адамдан, / Алда эмне жыттанып, / Мурдунун суусун шор тартып, / Кайра Кыйаз жыттаса, / Байагы жыт өзгөрдү, / Куйкум кийиз жыттанып, / Чочуп кеткен немедей, / Кыйаз кетти баш тартып, / Эрдин тиштеп Кутубай, / Айчүрөктү жалт карап, / Тура берди билгизбей, / Сакалын сылап жайкалтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арам өлгүр кантет деп, / Буурулду башка чапканы, / Чапкан камчы тарта элек, / Кылчайып артын караса, / Чачылып топо жатканы, / Ок тийгендей көрүндү, / Куйкум чыгып ороодон, / Семетей көөнү бөлүндү, / Көргөндө муну Семетей, / Көр Көбөштүн иши деп, / Абыке менен Көбөшкө, / Абдан ичи ачынып, / Кайраты толук оңбогур, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →