кудалаш
- Куда болушуу, кудалыкка макулдашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Азыркысын карабай, / Түпкүлүгүн ойлойлу, / Кыз алар болсо кыргыздар, / Жедигерге барышсын, / Кудалашып алышсын, / Куда болуп курчалып, / Кол кармашып муңдашып, / Сырдашып анан жанышсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кулетен бай Агышка, / Кудалашып жүрчү эле, / Толук билбейт Агыш жаш, / Ал деле билбейт Манас жаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келем дебегин, Кудалашып келем, де, / Бербес болсо Орус хан, / Сенин уулуң болгон соң, / Бекер кантип келейин, / Жудаалашып келем, де.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кызынын аты Айчүрөк, / Сен бойумда бар элең, / Белкуда болгон атакең, / Кудалашкан жайың бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кудалашып кыз алмак, / Кыргыздын салты башынан, / Кубалашып жылкы алмак, / Душмандын иши мурунтан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →