кудайла
- дин. Кудайга жалынуу, жалбаруу, тиленүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал жерге келген катындар, / Ак элечек оронуп, / А кудайлап чуулдашып, / Арстан Манас баатырдын, / Арбагына жалбарып, / Басып турду чубашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Араба тогуз санына, / Эки жүз туйак малыңа, / А кудайлап сүйүнүп, / Алданабы аныңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йлап, / Качканы да кудай дейт, / Кууганы да кудай дейт, / Жер бетине маалым кеп, / Кош колдоп кармап жакасын, / Сүйүнсө да кудай деп, / Күйүнсө да кудай деп, / Кудайлаган нечен жан, / Кудайдын атын түк билбес, / Нечен миң аскер колбуган, / Оозун ачып кыйкырса, / Манастан башка сөз кирбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты күмбөздөн, / Шамал чыгат куулдап, / Жез барабан кагылып, / Кернейдин үнү угулат, / Ак калпак кыргыз элдерден, / «А кудайлап» үн чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Акчамалап ылайлап, / Аңдыган киши кудайлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →