кудагый

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Күйөө менен келиндин энелеринин, чоң энелеринин, жеңелеринин бири-бирине карата аталышы, кудагыйлык жакындыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызды тууган энеси, / Болбосо жакын жеңеси, / Кыз жеткирип баруучу, / Кетер күнү кудасы, / Сүт акына төө берип, / Болбогондо ат берип, / Кудагыйын кетирип, / Анан туруп калуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтканга алың келбеди, / Кудагый болуп калдайып, / Сен алышып келгин деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →