куда

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. Күйөө менен келиндин аталарынын же алардын агайын-туугандарынын бири-бирине карата аталышы, жакындыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызда жок эч жазык, / Жедигерде чоң жазык - / Неге барат ооганга, / Куда болуп кыргыздын, / Алганы жүргөн катынын, / Аламын деп талашып, / Ар кимдин келет ачуусу, / Койнундагы катынын, / Аламын десе кол салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадыбек уулга угузар, / Уламалап угушар, / Куда болуп келишсе, / Сенин жигит сүйөөр кызың бар, / Энеси бар узатар, / Зулпукан бизге байбиче, / Кыска колу узарар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
муң кылып, / Тумтак түндү салам, — дейт, / Шооруктун кызы Накылай, / Тартып алып Манастан, / Тирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Урумдагы Оруз хан, / Түбү кыргыз бир тууган, / Куда-сөөк биз менен, / Карып калган кези эле, / Урумдун эли не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Муну бир топ жакшылар менен Ыбыке баш болуп, Байболотко бир ооз айтпай, Каркырада бир казакка барып, кыздын сыртынан куда түшүшөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →