кубур

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Карапа түтүк.
  2. Темир түтүк.
  3. Жалпы эле суу жүргүзгүч түтүктөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найзаны күүлөп сайарда, / Көтөрүлбөй оң колу, / Кабыргасы кычырап, / Кулагына угулуп, / Кубурлуу тууган, кайран эр, / Мына мындай шор болуп, / Жолго түштү Дабытай, / Сойодой болуп созулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баштан-айак көргөнүн, / Жакыптан угуп-билгенин, / Жашырбай айта салыптыр, / Кубурлуу тууган Адылбек: / — Карындашың эр тууйт го, / Калайыктан шер тууйт го, / Сүйүнчүмдү бергин, – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кубурлуу тууган чунагың, / Котчуларын күлдүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →