кубулуш
- Жаратылыштын, коомдун же кандайдыр бир заттын, нерсенин өзгө-рүүсүнөн, кыймылынан, өсүп-өнүгүүсүнөн ж.б. келип чыккан көрүнүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кээ бирөө бала жок, десе, / Кээ бирөө малым аз, деген, / Кээ бирөө баарым бар, десе, / Кээ бирөө наамым пас деген, / Окшошпогон шум жалган, / Ошондой нечен кубулуш, / Өтүп кетип бараткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Адам айран калгандай, / Кубулушту карачы, / Муну мындай таштайлы, / Көк жалың Манастын / Төрөлүшүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эмне болуп жатканын, / Эшикке чыгып айкөлүм, / Айлананы карагын, - / Сен элечи Кыргылым, / Мен элебес экемин, / Канаке, чыгып карайын, / Айланаң эмне экенин, / — Эшикке чыгып эр Манас, / Төрт тарапты карасы, / Карада кыргыз эл турат, / — Кубулуш кандай болгон?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п, / Көлдөгү суулар чайпалып, / Шамдай күйүп жылдыздар, / Жердин бети жапжарык, / Эчтеме менен кээри жок, / Тим жүргөндөр ар кайда, / Айланып башы маң болду, / Кубулушка таң калып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →