кубулма
- Бир калыпта болбой, өзгөрүлүп, кубулуп турма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйаздан Чүрөк кеп угуп, / Өзүң билгин деп угуп, / Басып бара жатканда, / Жанашып Кыйаз артынан, / Кубулмалуу Чүрөктүн, / Койнуна колун салыптыр, / Албарсты сасык билдирбей, / Чүрөк болуп моймолжуп, / Бой жасап тура калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →