кубулжу
- Үн, күү ар түркүн болуп кубулуп чыгуу, уккулуктуу болуу.
- Өзгөрүү, башкача болуп кубулуу.
- Жакшынакай, кооз көрүнүштө болуп кулпуруу, кулпунуу, түрдүү түстө болуп кубулуп туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күндүзү турган жам-жайкыт, / Түндөсү турган чайпалып, / Кубулжуган тоо көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медеркан келди күпүлдөп: / — Кубулжуган түр сайак, / Курт-кумурска көп элден, / Коркпой кандай туу сайат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кубулжуп Манас жазылып, / Кубаныч кирди баарына, / Шаттык ойун баштады, / Бир жумадан бир жума.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, / Журт түгөткөн кан чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан ха…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шернени баштап койушуп, / Кыз, келинди чогултуп, / Комузчу, ырчы кубулжуп, / Кызыкка булар толушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →