кубул

китептерде 161 жолу, 10 китепте
  1. Башка көрүнүшкө, түргө айлануу, өзгөрүү.
  2. Түрдөнүү, ар түрдүү түстө болуп туруу, кулпунуу, кулпуруу.
  3. Кубулжуу, кулакка жагымдуу угулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитек келет караса, / Койкүрөң менен койгулап, / Айчүрөк келет кубулуп, / Күн чагылып канаты, / Асмандын бети нур толуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаңырып катуу угулду, / Чоронун өңү кубулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →