кубаттуу
- Күч-кубаты мол, алдуу, кайраттуу, тың.
- Алсыз эмес, дүркүрөп жакшы өнүккөн (өсүмдүк, бак-дарак жөнүндө).
- Бийлик, мансап же оокат, байлык жагынан алдуу, колунда бар, турмушу мыкты, тың.
- Экономика, техника, илим-маданият ж.б. жагынан күчтүү өнүккөн, өркүндөгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайнатма кара дарыны, / Кадага чылап жаткырып, / Бугу, кулан сүтүнөн, / Кошо аралаш жасаган, / Кубаттуу нечен дарыны, / Өлчөм менен ичирип, / Сагаза гүлүн жыттатып, / Кызыл гүлдүн суусунан, / Дем албастан тамызып, / Таң атканча уктабай, / Шамды жарык жагышып, / Көкбука, Абыл, Жетилбай, / Тулпарларды багышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Башынан сылап Гүлүстүн, / Барлык күчүн бердим дейт, / Белдүү болгун, улуум — дейт / Кубаттуу болсун мунуң — дейт — / Ошону айтып жарк этип, / Кубулу кетти жалк этип, / Көз ачылып чороңдун, / Күчкө толуп карк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →