кубан

китептерде 143 жолу, 10 китепте
  1. Кубанычта болуу, сүйүнүү, шаттануу, көңүлү көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айжаңжүн кызы Бурулча, / Кубанып турат Чубакка, / Бойуна болуп эки кыз, / Кырк беш күнчө убакта, / Үч айда анык болуптур, / Алмамбет менен Чубакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан жумшаса калдайып, / Карап Токой турбады, / Чаңчыкпас минип дууланып, / Жаны жыргап кубанып, / Таласты карай жол алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жүргөн экен хан Кыйаз, / Аң уулаган баштанып, / Канчорону көргөндө, / Хан Кыйаз кетти кубанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →