кубала

китептерде 122 жолу, 10 китепте
  1. Жетүү үчүн артынан жүгүрүү, артынан кууп алуу, жетүүгө аракет кылуу.
  2. Бирөөнүн же бир нерсенин артынан түшүү, калбай аракет кылуу, иликтеп отуруу.
  3. Кууп жиберүү, айдап жиберүү, четтетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →