кубакай

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Өнү кубарыңкы, бозомук, куба.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Такыр аттын изи жок, / Жоготуп кеткен Кызылкыз, / Кубакай кыз, кумпай кыз, / Кудай урган шумпай кыз, / Азыраак чыгат кылымда, / Сыйкырчыдан мындай кыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кубакай катын журт бузат” / Макал болуп бул экөө, / Жамандыкка айтылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кутулаар жериң калган жок, / Кол куушуруп Сейитке, / Кубакай канчык өзүң бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Ургаачыдан кубакай, / Элди бузат” деди эле, / Эл ичинде бул макал, / Айтылып келген кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →