куба

китептерде 107 жолу, 10 китепте
  1. Агыш, бозомук.
  2. Бозоргон, куураган, эч нерсе өспөгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катышпаймын элиңе, / Карабаймын жериңе, / Сенин кунуң кубам, деп, / Барып калса жериме, / Жамандыкка жамандык, / Айабаймын дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Табылыптыр бул бүркүт, / Музой Калча, багыңа, / Зоңконун зоосу жарыктан, / Чоң атаң Кубат барында, / Ителги тууп бул жерге, / Айкөл шердин Акшумкар, / Мындан алды деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →