коңурук

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Уктаган кишиден кор-кор этип чыккан дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суулугун чыгарып, / Сууга койду сур атты, / Башын ташка жаздады, / Коңурук тарта баштады, / Алты күнү дым тартпай, / Өлгөндөй уктап жатканы, / Күн жетиге жеткенде, / Көзүн ирмеп ачканы, / Атын кармап минген кез, / Атбашы карай басканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кезегине келбесе, / Ачакан менен Дабытай, / Кесилетке кошулуп, / Бир айласын табайын, / Коңурукту кош тартып, / Катуу уктаса бир жүрөм, / Айанып кантип калайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коркуп туйлап жүрөгүң, / Кокус өлүп жүрбөгүн, / Бузулбай үйгө кириңер, / Бутуңду сунуп ийиңер, / Колуңарды жастанып, / Коломтону баштанып, / Коңурукка кириңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кор-шар этсе кой үркүп, / Коңуруктап уктады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →