коңул

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Тоо боорлорундагы же этектериндеги, кокту-колоттордогу өңчөй далдоо жер.
  2. Бир нерсенин астындагы, боорундагы көңдөйчө, кобул.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куландын сары сайында, / Сур атчан кетип барат, деп, / Кабар уккан аңгыча, / Аркасынан сайа кууп, / Ылдамдады Бекбача: / “Баркөл, Коңул, Турпандан, / Бир калбаны табабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кобулдуунун өзөнгө, / Конулсун деп шол жерге, / Баашалык доол кагылды, / Капчыгай ичи жагырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп жапылдап турганда, / Коркуп кетпейт Конушбай, / Сейити бар жанында, / — Коңулдаба, желмогуз, / Сенден коркор чак эмес, / Жаныңды койор жер таппай, / Мени жемек тургайлык, / Качып жүрүп сенделип! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Токтосарт, / Жатып алды коңулга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →