коңкой
- Чоң, эби-сыны, келишими жок болуп көрүнүү, каңкаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Темирбекке барбайлы, / Тирүү деп укса Темирбек, / Айдап барып дагы эле, / Чоң урушка салбайбы, / Балаага антип калбайлы” / Калпа, чечен, эшени, / Караңгыда дүбүрөп, / Мурундарын коңкойтуп, / Мусапырсынып бүжүрөп, / Кененимди табышты, / Кебин айта салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үйүнө түшүп кирбестен, / Бир пиала чай ичип, / Анан атка минбестен, / Кеңкула менен болкойуп, / Зыңгырап найза коңкойуп, / Сырттаның чыкты бастырып, / Эр Кененим зоңкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найзасы колдо коңкойуп, / Залкар тоодой заң койуп: / — Сурадың баатыр жеримди, / Угуп тур эми кебимди, / Алтын эшик дарбаза, / Ордо көрсөң Бейжинден, / Ашырып айтты дебесең, / Ата жу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырың, / Ылаачындай жеткени, / Кыйамың келди эми деп, / Чоң Ылама мергенди, / Коңкойто сайып өткөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →